БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коомчулукта чуу жараткан окуяларды ЖМКлар байма-бай жазганы менен айыпкерлер тиешелүү жазасын албай калган учурлар кездешет. Буга көпчүлүк учурда жабырлануучулар күнөөкөрлөр менен өз ара мунасага келип тосмо арыз жазып бергени себеп болот.
Sputnik Кыргызстан агенттиги соңку бир жылда чуулгандуу окуялардын айыпкерлери соттон кутулуп же жеңил жаза алып калды деп элдин сынына кабылган учурларын иликтеп көрдү.
Жаш жигитти сабаган милиционерлер
Тез жардам унаасын сүзүп, төрт адамдын өмүрүн алган кыз
Окуудан куулганына ызаланып дайынсыз жоголгон окуучу
Чубак ажынын экинчи аял алышы
Баласын ичке тепкен ата
Бишкекте 2-декабрда кызыл күрмөчөн киши кичинекей баланы карда жаткан жеринен ичке тээп жибергендиги тартылган видео тараган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери аны таап, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Райондук сот тергөө иштери бүткөнгө чейин аны №1 тергөө абагына эки айга камакта калтыруу чечими чыгарылган. Кыргызстанда бул окуяны талкуулабаган киши дээрлик калган эмес. Кийин анын Сокулук районундагы Мамлекеттик каттоо кызматында иштей турганы аныкталып, кызматынан алынган. Анын кылмыш иши 10-январда Октябрь райондук сотунда каралып ага козголгон кылмыш иши кыскартылган. Башкача айтканда ал акталып чыккан.
Мындан сырткары иликтөө иштери соңуна чыга элек окуялар төмөнкүлөр: