Мисалы, шаардыктар соцтармактарда "даттангандан" кийин Жогорку Кеңештин төрагасынын кортежин өткөрүү үчүн өкмөттүк жолду толугу менен жабуу токтотулду.
Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ушундай учурларды тизмектеп көрдү.
Милдеттүү салыктар ыктыярдуу салыкка айланды
2016-жылдын февраль айында унааны милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) жана турак жайды камсыздандыруу боюнча эки мыйзам күчүнө кирмек. Бирок интернеттеги ызы-чуу ОСАГОну эки жылга жылдырып, турак жайды камсыздандырууну ыктыярдуу кылууга түрткү болду.
Картондо уктаган бала
Жолдогу адам "өлтүрүүлөргө" каршы
Ал эми премьер-министр өткөн жылдын август айында бул жааттагы реформанын 148 иш-чарадан турган планын бекитти. Анын алкагында Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түзүлдү.
Ботаникалык бакты арачалап калганда…
Ал эми август айында ошол кездеги президент Атамбаев лабораториянын курулушуна каршы чыккан.
Жумуш ордунда "көңүл ачкан" архитекторлор
Өткөн жылдын ноябрь айында интернетте шаар тургундары тартып алган видео чыккан. Анда "Бишкекбашкыархитектурасынын" кызматкерлери кызмат ордунан спирт ичимдиктерин ичип, көңүл ачып жатканын көрүүгө болот.
Бул окуядан кийин эки бөлүм башчы кызматтан айдалган. Дагы эки архитектор өз каалоосу менен арыз жазып, жети кызматкер сөгүш алган.
Өз баласын ичке тапкен ата
2017-жылдын декабрь айынын башында өзүнүн жерге жыгылып калган эки жашар уулун ичке тапкен адам тууралуу видео тараган. Окуянын каарманын милиция ошол эле күнү тапкан. Ага "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Кийин ал Мамлекеттик каттоо кызматында иштери, бирок окуядан соң кызматынан бошотулганы айтылган. Анткен менен 10-январь күнү болгон сотто баланын энеси жолдошуна доосу жок экенин айтып, иш кыскартылды.
Кабинеттеги коңурук
Жума башында социалдык тармакта Ноокат РИИБдин жетекчиси делген киши иш бөлмөсүндө уктап жатканы тартылган видео тараган. Кийин мас абалында уктап жаткан адам Ноокат РИИБдин жетекчиси Жигит Дубанаев эмес, райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов экендиги аныкталды. Бирок ал өз кабинетинде шире гана ичкенин, ага бирөөлөр уйкунун дарысын кошуп салышы мүмкүн экенин божомолдогон. Жыйынтыгында жетекчи "Мамлекеттик кызмат тууралуу" мыйзамынын "Жумушка спирт ичимдиктерин, наркотикалык заттарды колдонуп келген" деген пункту менен кызматынан четтетилди.