БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропортунун ордун которуп, жаңы аба майданын курууга инвестор табыла элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА) аэропортторду сертификациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Канат Бейшеналиев билдирди.
Эске салсак, былтыркы кышта "Ош" аэропортуна түшкөн тумандан улам каттамдар токтоп, көйгөй жаралганда аны башка жакка көчүрүү демилгеси көтөрүлүп, кийин бул маселенин дымы чыкпай кылган.
Бирок акыркы бир ай ичинде кайра эле тумандан улам аэропорт бир нече жолу ишин токтотууга мажбур болду.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан курулат делген аба майданынын тагдырына кызыгып көрдү.
"Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр, Мады айыл өкмөттөрүнүн аймагынан 500 гектар жерди трансформацияга чыгаруу зарыл. Мындан тышкары, өкмөт, Транспорт жана жолдор министрлиги, "Манас" аэропорту ал аралык инвестор менен сүйлөшкөндө Ошко жаңы аба майданын куруу боюнча сунушун киргизип келет. Анткен менен "мен куруп берем" дегендер табыла элек. Ал эми "Манас" жана "Ош" аэропортторуна инвестор катары каралып жаткан түркиялык TAV Airports Holding компаниясы жаңы курулушка кызыккан жок", — деди Бейшеналиев.
Ал кошумчалагандай, курулуш иштери пландалып жаткан аймак учактын учуп-конуусуна канчалык ылайыктуу экени дагы тиешелүү органдар тарабынан текшериле элек.
"Аба кемеси учуп-конуу үчүн аймактагы шамалдын багыты, климат шарттары сыяктуу факторлор роль ойнойт. Ошондой эле азыркы аэропорттой болуп туман түшө бербейби, аны Метеорология кызматы текшерип көрүшү керек. Бул иштер демөөрчү келип, каражат салгандан кийин гана аткарылышы мүмкүн", — деп түшүндүрдү Бейшеналиев.
Ал эми аба майданын көчүрүү демилгесин көтөрүп чыккандардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов инвестор табуу чоң көйгөй жаратпайт деген пикирин айтып келет.
Трансформациялоо демекчи, пландалган 500 гектар жерди адистер текшерип чыккандан кийин анын 476 гектары курулушка жарактуу деп табылганын өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Райымберди Мөнөкбаев маалымдады.
"Аталган жердин тиешелүү документтерин даярдап, трансформациялоо маселесин чечип бергиле деп өкмөткө жибердик. Азыр каралып жатат", — деди Мөнөкбаев.
Ал эми мындай каражатты бөлүүгө кыргыз өкмөтүнүн азырынча мүмкүнчүлүгү жок экенин айтылып келет.
Эл аралык "Ош" аэропорту Фергана өрөөнүндөгү ири аба майдандарынын бири, пайдаланууга 1974-жылы берилген. Кыргызстандын аймагында көлөмү боюнча экинчи аэропорт, жылына бир миллионго жакын жүргүнчүнү кабыл алат. Аба ырайынын катаал шарттарында Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аба майданына кошумча кызмат көрсөтөт. Ош шаарынын түндүгүнөн 9 чакырым аралыкта жайгашкан.