БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Вице-премьер Темир Жумакадыровдун өлүмүнө байланышкан иш сотко өткөндүгүн ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Жумакадыров өткөн жылдын 7-октябрь күнү Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам көз жумган.
Ал кырсыктан вице-премьер-министрдин жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан.
Кийин Жумакадыров бара жаткан жолтандабас менен сүзүшкөн КамАЗ унаасынын айдоочусу камакка алынган.
ИИМдин төргөө башкы башкармалыгы иликтөө иштерин аяктады. Баардык материалдар Москва райондук сотуна өткөрүп берилди.
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайда.