Абайлагыла! Россияда электросамокат менен кырсыктагандар арбыды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүНачало сезона проката электросамокатов в Москве
Начало сезона проката электросамокатов в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Россияда электросамокатты адамдар тээп жүрүүгө укуктук жактан уруксат кылып, атайын макам карай турган мыйзам иштелип жатат.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россиянын ички иштер министрлиги электросамокат менен кырсыктагандар боюнча статистиканы чыгарып, жыл башынан бери үч эсеге өсүп кеткендигин билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Январдан май айына чейин Россияда адамдар өз алдынча ыкчам кыймыл үчүн тээп жүргөн каражаттар менен кырсыкка кабылган 112 учур катталган. Былтыркыга салыштырмалуу абдан көп болду, тагыраагы, 195 пайызга өсүп кетти", — деп билдирген Россия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк.
Мындай кырсыктар өзгөчө Москва (24) жана Санкт-Петербург (22) шаарларында арбын катталган. Анын кесепетинен беш киши көз жумса, 119у ар кыл жаракат алган. Азырынча аталган техниканын укуктук макамы аныктала электиги жана учурда Транспорт министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап жатканы кабарланды.
Унаа оңдоочу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Байкалбай эле автоунааны жарактан чыгарып койчу 5 көйгөй
Акыркы мезгилде Россияда электросамокаттар менен жүргөндөрдүн кырсыктаган учурлары көп кездешүүдө. Алардын ичинен жөө адамдар да, тээп жүргөндөр да оор жаракат алган учурлар бар. Москва баштаган бир топ шаарлардын бийлиги бул каражаттарды пайдаланууну жөнгө салууну караштырууда.
Москва мэринин Транспорт боюнча орун басары Максим Ликсутов убактылуу пайдаланууга берилген самокаттардын ылдамдыгын эң көп дегенде саатына 25 чакырым кылып чектөө боюнча сунуштар каралып жатканын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0