12:20 14 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5671
  • EUR102.8843
  • RUB1.1798
Россия
Кыскача шилтеме алуу
65 0 0

Аскердик-деңиз флотун өнүктүрүү — дүйнөдө деңиз чек аралары эң узун болгон РФтин мамлекеттик артыкчылыктарынын бири.

Аскердик кеме куруунун туруктуу динамикасы деңиз жана океан багыттарындагы учурдун коркунучтарына толук жооп берет, россиялык Аскердик-деңиз флотунун сандык курамы, аскердик натыйжалуулук жана жогорку технологиялык куралдарынын жетиштүүлүгү боюнча дүйнөдө лидерлик позицияларын сактап калууга жол ачат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Россиянын ушул багыттагы жетишкендиктерине токтолгон.

Сериялык өндүрүшкө өтүү менен Россияда ири согуштук кемелерди куруу көлөмү өскөнү байкалат. 9-майга дейре өлкөдө алты жаңы аскердик кеменин, атап айтсак, "Севмаш" акционердик коомунда – "Борей-А" долбоорунун стратегиялык багыттагы суу түбүндөгү эки атомдук крейсери ("Дмитрий Донской" жана "Князь Потемкин"), "Адмиралтейские верфи" кеме куруу ишканасында – 636.3 долбооруна таандык "Можайск" жана "Якутск" дизель-электрдик кайыктарынын, Амур кеме куруу заводунда 20380 долбоорунун эки корветинин курулушу башталмакчы.

"Севмаш" ишканасында ушул тапта ар кандай даярдыктагы төрт стратегиялык субмарина турат. Алар "Борей-А" долбооруна таандык. Ошондой эле "Ясень-М" долбоорунун "Воронеж" жана "Владивосток" суу түбүндөгү көп буталуу атомдук кайыктарынын (бул долбоордун гипер үндүү ракеталарын ташуучуларынан сегиз бирдик чыгарылат) курулушу уланууда. "Хабаровск" субмаринасы жасалып, мындан сырткары, "Белгород" суу түбүндөгү атомдук крейсери сыналууда.

Эске салсак, 2020-жылы Россиянын Аскердик-деңиз флоту 40ка жакын аскердик жана тейлөөчү кемелер менен толукталган. Ошондой эле 955А "Борей" долбоорунун суу түбүндө жүрүүчү "Князь Владимир" стратегиялык ракета ташуучусу да, 636.3 долбоорунун "Петропавловск-Камчатский" (Тынч океан флоту үчүн) субмаринасы, 22350 долбоорунун биринчи сериялык – "Адмирал флота Касатонов" фрегаты жана 11711 долбооруна таандык "Петр Моргунов" десанттык кемеси (экөө тең Түндүк флот үчүн), 12700 долбоорунун минага каршы коргонуучу "Яков Баляев" жаңы кемеси (сериядагы бешинчи жана тынч океандык флот үчүн биринчи), 20385 долбоорунун "Гремящий" башкы корвети, "Алдар Цыденжапов" корвети, 22800 долбоорунун "Одинцово" чакан ракеталык кемеси катарга кошулат. Ал эми 2020-жылдын аягында ушул эле флоттун 636.3 долбоорунун үчүнчү жана төртүнчү "Варшавянкасынын" курулушу башталган.

"Борейлердин" багыты

Стратегиялык багыттагы "Дмитрий Донской" жана "Князь Потемкин" суу түбүндөгү ракеталык крейсерлер россиялык өзөктүк үчтүктүн деңиз курамын бекемдемекчи. Бул кемелер флотко 2026 жана 2027-жылдары өткөрүлөт.

"Борейлер" бортунда 8 миң чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу континенттер аралык "Булава" баллистикалык ракеталарын бортунда ташыйт. Мындай ракеталардын ар бири 150 килотоннага чейинки кубаттуулуктагы жеке мээлөөчү он чакты блокко ээ. РФтин суу түбүндөгү стратегиялык күчтөрүн жаңыртуу – өзөктүк ооздуктоо жана улуттук коопсуздукту камсыздоонун негизи.

Россиянын Аскердик-деңиз флотунун курамында үч стратегиялык "Борей" бар, атап айтсак, "Юрий Долгорукий", "Александр Невский" жана "Владимир Мономах". Алардын ар бири континенттер аралык 16 баллистикалык ракетага ээ. Сериянын кийинки кемелери мындан да көп ракета алышы ыктымал. РФ Коргоо министрлиги Аскердик-деңиз флотун дагы он "Борей" менен жабдууну пландаган.

"Варшавянкалардын" өзгөчө "мүнөзү"

"Варшавянкалар" тобунун суу түбүндө жүрүүчү дизель-электрдик кайыктарды өзгөчө купуялуулугу үчүн НАТОдо "Дүйнөлүк океандагы кара туюк" деп атап коюшат. Бул субмариналар жаңы инерциялык навигациялык комплекс, автоматташтырылган маалыматтык-тескөөчү тутум, кубаттуу торпедалык-ракеталык куралдар, анын ичинде таамай тийчү ракеталар менен куралданган. 636.3 долбоорунун суу түбүндө жүрүүчү кайыктардын сериялык курулушу да мыкты жолго коюлган. Заманбап "Варшавянкалар" суу түбүндөгү жана суу бетиндеги буталарын кыйратуу үчүн бортунда 18 торпеда жана 24 мина, эң негизгиси – "Калибр" канаттуу ракеталарын ташый алат. Military Watch басылмасы билдиргендей, "Варшавянкалардын" дарамети россиялык аймактык сууларды, өлкөнүн жээктерин ынанымдуу коргоого мүмкүндүк берет. Майнаптуулугу жагынан "өнөктөштөрүнүн" ушул багыттагы мүмкүнчүлүктөрүнөн үч эсе артык. Алты россиялык "Варшавянка" Кара деңиздеги болжолдуу душмандын аракеттерин жана машыгууларын толук бөгөттөй алат.

Суу түбүндөгү абалда 636.3 долбоорунун субмаринасынын ылдамдыгы 20 узелге жетет.

Аракет радиусу (мөөнөтү) – 2000 миль. Автономдуулугу – 45 сутка. Суу түбүндөгү кайыктын көлөмү тайыз сууларда да жашырынууга мүмкүндүк берет. Сууга 300 метрге дейре сүңгүй алат. Күч орнотмолору жана 52 кишиден турган экипажы үчүн аба запасы "Варшавянка" ордунан жылбай 260 саатка чейин суу түбүндө турууга шарт түзөт. Булар натыйжалуу жана ынанымдуу аскердик техникалардан. Россиялык өндүрүштөгү 636 жана 636М долбоорлорунун субмариналарын чет элдик аскердик-деңиз күчтөрү тегин жерден сатып алышпаган чыгар. Кытай – 10 бирдик, Вьетнам – 6, Алжир 4 бирдик алган.

Кол тийгис корветтер

Россияда жакынкы деңиз аймактарынын 3-рангдагы кемелердин 20380, 20385 жана 20386 долбоорлору кызуу өнүгүүдө. Бул корветтердин сыйымдуулугу 2000 – 3000 тонна.

20385 жана 20386 долбоорлору – 20380дин алдыңкы жана татаал версиялары. 20385 долбоорунун "Редут" зениттик-ракеталык комплексинин курал топтому 12 ячейкадан 16га көбөйтүлгөн. Кемеге каршы Х-35 "Уран" ракеталары "Калибр-НК" комплексинин 8 ракетасына алмаштырылган. Болочокто кеме гипер үндүү "Циркон" ракеталары менен жабдылышы мүмкүн.

Кемеге каршы ракеталык комплексти 30 миллиметрлик эки АК-630М артиллериялык орнотмосу (мүнөтүнө 80 ирет 21 чакырымга чейинки ыраактыкка ок ата алат), "Кортик-М" зениттик ракеталык-артиллериялык комплекси жана көтөрүп жүрүүчү "Игла" ЗРКсы менен толукталмакчы. Торпедага каршы коргонуу тутуму "Пакет-НК" комплекси менен көрсөтүлгөн (330 миллиметрлик торпедалык аппараттарын касташкан тараптын суу бетиндеги кемелери жана суу түбүндөгү кайыктарына каршы пайдаланууга болот).

Корветтеги кайыктарды аныктоо жана жок кылуу үчүн палубалык Ка-27ПЛ тик учагы каралган. Бортунда ар кыл радиотехникалык куралдары да бар. 20380 долбоорунун кемелеринин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири кат-кат композициялык материалдардан "стелс" технологиясы боюнча жасалган үстүңкү бөлүгү. Ылдамдыгы 27 узелге жетет. Ыраактыгы – 3500 миль. Автономдуулугу – 15 сутка. Экипаж 99 кишиден турат.

Корветтер негизинен күзөтүшөт, мамлекеттин жакынкы деңиз аймагындагы душмандын кемелери жана субмариналары менен күрөшүү, жээктеги объектилерге ракеталык-артиллериялык сокку уруп, десанттык операцияларды коштойт. Мындай кемелер Балтика, Кара жана башка деңиздерде дайым керектелет. Бүгүн РФте армия жана флотто заманбап куралдардын үлүшү 70%дан ашат. Бул менен чектелип да калбасы анык.

Россиялык коргоо өнөр жай комплекси дүйнөдө теңдеши жок куралдарды чыгарууга жол ачкан, батыштагы куралдардан бир топ алдыга озгон илимий-техникалык революция жасады.

Заманбап көп полярдуу дүйнөдө жогорку технологиялык системалары Россияны чындап суверендүү жана жеңилгис кылат. Россиянын Аскердик-деңиз флотунун ыкчам стратегиялык бирикмелери – Түндүк, Тынч океан, Балтика жана Кара деңиз флоттору, ошондой эле Каспий флотилиясы аймактык тийиштүү багыттардагы улуттук деңиз саясатынын милдеттерин аткарат. РФ флотторунун сандык жана сапаттык курамы аймактык багытта Россияга жаралган коркунучтарга туруштук бере алчу деңгээлде кармалат.

Тема боюнча

Путин кайсы жерге кызыл чийин чийгенин Батыш жакшы билет
Белгилер:
стратегия, Россия, кеме

ЭҢ МААНИЛҮҮ