Россияга "кыямат күндүн учагын" кайра жасоонун эмне зарылдыгы бар?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГенеральная репетиция парада Победы
Генеральная репетиция парада Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ Куралдуу күчтөрү жакын арада Ил-96-400М ыраак магистралдык лайнердин негизиндеги сооттолгон, жогорку технологиялык жаңы аба пунктуларына ээ болмокчу. Батышта мындай машиналарды "кыямат күндүн учагы" деп коюшат.

Үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанып кете турган болсо РФтин жогорку аскердик жана саясий жетекчилиги коргонууну уюштуруп, жерде, деңизде жана көктөгү күчтөрдү "учуучу штабдардын" бортунан тескейт.

Бул типтеги учактар ушу тапта болгону эки мамлекетте — Россия жана АКШда гана бар. Бул машиналардын өзгөчөлүктөрү жана милдеттери тууралуу РИА Новости сайтына жарыяланган Андрей Коцтун материалынан окуңуздар.

Командачылыкты сактап калуу

Өзөктүк державалардын ортосундагы мамиле болушунча курчуду. Дипломаттар туңгуюкка кептелди, тараптар элчилерин чакыртып алышты. Куралдуу күчтөр тыкыр даярдыкта.

"Жеңил жагдай". АКШ эмнеликтен Баку менен Ереванды элдештире алган жок?

Стратегиялык бомбалоочу учактар абага көтөрүлүп, баллистикалык ракеталар жүктөлгөн суу түбүндөгү атомдук кайыктар океанга сүңгүүдө, жылуучу грунттук ракеталык комплекстер аскердик күзөт багыттарына карай жакындоодо. Дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согуш болуп кетпегей эле деп санааркап турат.

Кудай жалгап мындай сценарий азырынча фантастика гана. Россияда да, АКШда да толук масштабдуу согуш өзөктүк согушка өтүп, он миллиондогон курмандыкка алып келиши мүмкүн экенин жакшы билишет.

Бирок аскерлер дайым эң жаман жагдайга дайым даяр турушат. Эки тарап тең андай чатакта биринчи сокку душманды башчысыз калтырат, күчтөрдү башкаруу жана кандайдыр бир тирешти уюштурууга мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Негизги бута — аскердик жана саясий борборлор.

Коркунуч жаралган убакта Россиянын жетекчилиги жана Куралдуу күчтөрдүн жогорку командалык курамын катаал купуялуулук шартында аскердик аэродромго көчүрүшөт. Анда аларды канаттуу командалык пунктулар күтөт.

Путин мамлекеттин күчү эмнеде экенин айтты. РФ лидеринин "Валдай" клубундагы сөзү

"Кыямат күндүн учагынын" экипажынын негизги милдети — мамлекеттин биринчи өкүлдөрүн соккудан сактап, өлкөнүн коргоо тутумун абадан башкарууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Бул командалык пунктулардын аскердик туруктуулугун коштоочу истребителдерин жана танкер-май куюучулар камсыз кылат. Ушундай эле тактика Кошмо Штаттарда да кансыз согуш доорунда эле иштелип чыккан.

Көп күттүргөн "орун басар"

Россиянын Куралдуу космостук аба күчтөрүндө Ил-86 жүргүнчү лайнеринин негизинде курулган Ил – 80 "кыямат күндүн учагы" бар. Күчтүү энергоорнотмо, заманбап байланыш каражаты, жашоону колдоо тутуму кошумча май куюу менен абада бир нече күн өткөрүүгө мүмкүндүк түзөт.

Өзүнөн мурдагы жарандык түрүнөн Ил-80 бийик "чекеси" — ар кыл радиоэлектрондук жабдуулар жайгаштырылган фюзеляждын маңдайындагы үстүңкү ири бөлүгү менен айырмаланат. Андан сырткары, экипаж жана жүргүнчүлөрдүн көздөрү жакынкы өзөктүк жардыруудан жабыркабашы үчүн Ил-80дин иллюминатору жок. Куйрук бөлүгүндө суу түбүндөгү кайыктар менен байланыш үчүн кое берүүчү тростук антенна орнотулган.

"Оңой менен кыйрабайт": Түндүктө америкалыктар бункерге кайтууда

Ил-80 боюнча кеңири маалыматтар мамлекеттик сыр болуп саналат. Тек гана бортунда Куралдуу күчтөрдүн бардык түрлөрү жана типтерин башкаруу үчүн аппаратура, жогорку кызматтагы жүргүнчүлөрдүн иштөө жана эс алуусу үчүн жайлар каралып, күйүүчү майдын кору үчүн кошумча идиштер коюлган.

Учак каалаган жарандык жана аскердик аэродромдон учуп чыга алат. Жапырт кыйратуучу куралдан коргонуу каражаттары менен жабдылган. Жер үстүндөгү жана ретрансляция, байланыш жана навигация жабдыктары кыйратылган учурда автономдуу иштей алат.

Бирок Ил-80 куралдуу күчтөрдө 15 жылдан бери пайдаланылып келет, өз ресурсунун басымдуу бөлүгүн иштеп чыккан. Мындан тышкары, Ил-86 — орто магистралдык болуп саналышат. Алардын иш ыраактыгы — болгону 3800 чакырым, бул башкаруунун абадагы пункту үчүн жетиштүү эмес. Ошол себептен "кыямат күндүн жаңы учагы" үчүн Ил-96-400М негиз катары тандалганы өзүн актады. Оор жүктөнгөн учурда да бул машина тогуз миң чакырымдын тегерегиндеги ыраактыкка уча алат.

Өз ара сый диалогго чакырып... Европалыктар Россияны сыйлоого аргасыз

"Учуучу отелдер"

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Boeing-747 авиалайнеринин негизинде түзүлгөн төрт E-4B Nightwatch учагы бар. Ар бири бортуна 100дөн киши алып, улам кошумча май куюулуп турганда абада бир жумага дейре кармала алат.

Е-4B өзөктүк жарылуунун кыйратуучу факторлорунан корголуп, эң заманбап радиоэлектрондук жабдык менен корголгон.

Негизи америкалык "кыямат күндүн учагы" — бул учуучу отель. Анын бир нече күн аралыгында автономдуу иштеши үчүн тийиштүү нерсенин баары — ашкана, санитардык түйүндөр, эс алуу аймагы, уктоочу кубрик (бөлмө), стол жана тогуз креслосу бар жыйын бөлмөсү, 29 жумуш орундуу коммуникация менен байланыш зонасы жана башка бөлмөлөр бар.

Интерьер ыңгайлуулугу, ал эми жабдуусу жогорку эргономикасы менен айырмаланат. Балким ошол себептен АКШнын биринчи өкүлдөрү узак жолго жана бөлөк өлкөлөргө расмий сапарга чыкканда классикалык президенттик Air Force One бортторунун ордуна E-4B учагын маал-маалы менен тандашат.

E-4B учактары россиялык Ил-80ден алда канча улуу. Алар 1970-жылдары эле пайдаланууга берилген. Анткен менен алар улам заманга бапташтырылып турат.

2015-жылы борттордун бир бөлүгү коммуникациялык жабдуунун кайра программаланышынан жана коммуникациялык жабдуу жол-жобосунан өткөн.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

Учактар ыкчам ылдамдыктагы интернетке, кеңири сызыктуу спутник байланышына туташтырылган, ошондой эле жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүктөгү атайын корголгон каналдарга ээ. E-4B ыраактыгы — 11 миң чакырым.

Андан сырткары, америкалыктардын суу түбүндөгү стратегиялык атомдук кайыктары бар резервдик тутумун камсыздандырууга багытталган, ошондой эле Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн командалык аба пункту катары пайдалануу үчүн 16 E-6 учагы бар.

Кокус согуш тутанып кетсе, бул машиналар суу алдындагы кайыктар жана "кыямат күндүн учактары" менен байланышта болуу менен Атлантика жана Тынч океан аймактарында аскердик күзөткө чыгышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0