Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шатманов: Кыргызстанда рекреациялык туризмдин потенциалы чоң

© Sputnik / Асель СыдыковаДиректор Департамента туризма Кыргызстана Самат Шатманов
Директор Департамента туризма Кыргызстана Самат Шатманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Кыргызстандын рекреациялык туризмди өнүктүрүү потенциалы чоң экенин айтты.
Ден соолукту чыңдоо максатында келген туристтердин саны жыл санап өсүүдө. Бул тууралуу Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Шатманов: Кыргызстанда рекреациялык туризмдин потенциалы чоң
Анын айтымында, Кыргызстандын таза абасы, суусу жана кооз жаратылышы ден соолукту чыңдоого ыңгайлуу болгондуктан пандемиядан кийин чет өлкөлүктөр көп келе баштады.
"Кыргызстандын жаратылышы, кооз жерлери ден соолукту чыңдоого абдан ыңгайлуу шарттарды түзгөндүктөн чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусу арта баштады. Өзгөчө коронавирус болуп ооругандар реабилитациядан өтүү максатында келүүдө. Ага байланыштуу биз рекреациялык туризмге көңүл буруп, өнүктүрүү жолдору каралып жатат. Учурда өлкөнүн курорттук-рекреациялык жайлары эс алуучуларды, бейтаптарды кабыл алып, жакшы шарттар менен иштеп жатышат. Биздин санаторийлер да көп туристтер үчүн чоң кызыгууну жаратууда", — деди Шатманов.
Ошондой эле адис кышкы туризм аркылуу дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0