Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамасалиева: бала каттоого алынбаса ата-энесине айып салынат

© Sputnik / Табылды КадырбековКалкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин адиси Асмат Мамасалиева
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин адиси Асмат Мамасалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин адиси Асмат Мамасалиева нике күбөлүксүз деле бала төрөлгөндө документ алса болорун айтты.
Мамасалиева: бала каттоого алынбаса ата-энесине айып салынат

Бала төрөлгөндүгү тууралуу справканын негизинде каттоого алынып, күбөлүк берилсе документсиз балдардын саны азаят. Бул тууралуу Асмат Мамасалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мекемелер аралык документтерди электрондук түрдө алмашуу аркылуу башка бирөөнүн баласын каттатып алуу коркунучунун алдын алса болот.

"Бала төрөлгөндүгү тууралуу справканын негизинде күбөлүк бериле турган мыйзам кабыл алынса, документи жок балдардын саны азаят деп ойлойм. Ошондо баланы эненин атына каттата туруп күбөлүк алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул таптакыр документи жок жүргөнгө караганда жакшы. Эгер кааласа, кийинчерээк баланын фамилиясын алмаштырып, атасына каттатып алышат. Бирок мындай эрежени жалпы республика боюнча киргизгенде гана көйгөй азаят. Анткени мындай учурлар көбүнесе алыскы айылдардан келип чыгууда", — деди Мамасалиева.

Адис учурдагы мыйзам боюнча бир айдын ичинде бала каттоого алынбаса, ата-энесине эскертүү берилип, эки ай өткөндөн кийин миң сом айып салына турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0