13:05 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863

Абдраимов: чет өлкөгө чыгарда ден соолугубузду камсыздандырабыз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
48 0 0

Кикбокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Кубан Абдраимов спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүнүн өкүлдөрү мамлекет тарабынан көңүл бурууга муктаж болуп тургандыгына токтолду.

Кикбокс боюнча улуттук курама команданын өкүлдөрү чет өлкөдөгү мелдештерге чыгар алдында ден соолугун камсыздандырат. Бул тууралуу Кубан Абдраимов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир спортчунун ден соолугу кеминде 30-40 миң еврого камсыздандырылат.

"Кикбокс спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүнө киргендиктен мамлекет тарабынан жакшы колдоо болбой келет. Мисалы, эл аралык же дүйнөлүк мелдештерде жаракат ала турган болсок, анын чыгымын өзүбүз көтөрөбүз. Бирок учурда Кыргызстандын Кикбокс федерациясы демилге көтөрүп, эл аралык мелдештерге чыгар алдында улуттук курама команданын ар бир өкүлүнүн ден соолугун камсыздандыруу чечимин кабыл алган. Мындан улам өлкөдөн сырткаркы мелдештерге катыша турган болсок, ар бир спортчу өз ден соолугун 30-40 миң еврого камсыздандырып кетет. Бактыга жараша, бүгүнкү күнгө чейин курама команданын бир дагы мүчөсү олуттуу жаракат алган жок. Ошол себептен камсыздандыруунун негизинде ден соолукту калыбына келтирүү үчүн канча каражат бөлүнөрүн так билбейбиз", — деди Абдраимов.

Ошондой эле ал кикбокс сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында деп экиге бөлүнөрүн айтып, чеберлер арасындагы мелдештерге кыргыз кикбоксчуларын чыгаруу үчүн жергиликтүү промоутердик компаниялар жок экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Аманбеков: олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнө көңүл бурулбай жатат
Белгилер:
камсыздандыруу, ден соолук, кикбоксинг

ЭҢ МААНИЛҮҮ