13:30 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389

Аалы Кадыр: балдын дарылык касиети чогултулган жеринен көз каранды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
73 0 0

"Аман-Гринфуд" ишканасынын жетекчиси Аалы Кадыр Кыргызстандын балы чет өлкөлөрдө нукуралуулугу менен бааланарын айтты.

Аалы Кадыр: балдын дарылык касиети чогултулган жеринен көз каранды

Мурда Кыргызстандан чыккан балды жөн гана сатып келсек, учурда курамына карап полифлер жана монофлер балы деп бөлүп калдык. Ал үчүн адисибиз Уфа шаарына барып гүлдүн чаңчаларын бөлүштүрүү боюнча билим алып келди. Бул тууралуу Аалы Кадыр Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкана экспортко чыгарган балын негизинен беш чоң топко бөлөт.

"Мурда Кыргызстандан чыгарылган балдын баары бир өңчөй эле кете берсе, учурда өндүрүлгөн аймагына карап анын курамын аныктап, бөлүп калдык. Жалгыз гүл басымдуу кылган бал түрлөрүн монофлер, ал эми көптөгөн гүлдөрдүн чаңчаларынан чогултулганын полифлер деп экиге бөлүп алабыз. Мисалы, Ат-Башынын ак балында кызыл беде басымдуулук кылып, ал жаш балдарга, диета кармоо сунушталган адамдарга ылайыктуу жеңил болуп эсептелет. Сары-Челектики болсо жапалак (шалфей) чөбүнөн алынат. Ал эми Токтогул тоолорунан чогултулган бал Советтер Союзунда да күчтүү бал катары эсептелип, бааланчу. Анткени ал жакта багылган аарылар балды бир нече тоо гүлүнөн чогулткандыктан продукция витаминдерге бай келип, күнүмдүк колдонууга өтө ыңгайлуу, дарылык касиети жогору болот", — деди Кадыр.

Ишкер өлкөдө өндүрүлгөн бал көбүнесе Японияга, Кытайга, Араб өлкөлөрүнө жана Америкага экспорттолорун кошумчалады.

Тема боюнча

Каракетов: биз бир күндө чогулткан балды чет өлкөдө бир жыл топтошот
Белгилер:
ден соолук, экспорт, өндүрүүчү, бал

ЭҢ МААНИЛҮҮ