02:12 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7000
  • EUR77.3008
  • RUB1.1268

Кожобеков: быйыл өлкө боюнча 5705 гранттык орун бөлүндү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
102 0 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков гранттык орундарды бөлүштүрүүдө педагогикалык, техникалык жана медициналык бөлүмдөргө басым жасалганын айтты.

2019-2020-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууга республикадагы ЖОЖдор 5705 гранттык орун бөлдү. Бул тууралуу Кудайберди Кожобеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атайын категорияга кирген балдар үчүн өзүнчө 100 орунга бекер окуу мүмкүнчүлүгү каралган.

"Бул жылы жалпы өлкө боюнча абитуриенттерди кабыл алууда 5705 гранттык орун каралды. Акысыз окуу мүмкүнчүлүгү педагогикалык, медициналык жана техникалык жаатта билим алууга берилет. Гранттык орун бөлүштүрүүдө ушул үч тармакка басым жасалды. Ошондой эле атайын категорияга кирген балдар үчүн өзүнчө 100 орун каралган. Ага тоголок жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген жана Ош, Аксы, 7-Апрель окуяларынын катышуучуларынын балдары кирет. Алардын ЖРТсы босого баллынан ашкан болсо, конкурска катышпай эле каалаган бөлүмүнө өтө алат", — деди Кожобеков.

Ал быйыл 59 миң бүтүрүүчүнүн 44 миңден ашыгы ЖРТ тапшырганын кошумчалады.

Тема боюнча

Джаилова: КЭУ студенттери эки диплом ала алат
Белгилер:
билим берүү, окуу, грант

ЭҢ МААНИЛҮҮ