Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Джаилова: КЭУ студенттери эки диплом ала алат

© Sputnik / Асель АкматалиеваМуса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Асел Джаилова
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Асел Джаилова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Асел Джаилова аталган окуу жай чет өлкөлүк университеттер менен тыгыз иш алып барарын айтты.
Джаилова: КЭУ студенттери эки диплом ала алат

Кыргыз экономикалык университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн эки диплом алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Асел Джаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз экономикалык университетинин студенттери "Эразмус+", "Мевлана" программалары аркылуу бир семестрден эки семестрге чейин чет мамлекеттерге барып, билим алып келишет.

"Бүгүнкү күндө Кыргыз экономикалык университети Швейцариянын Монтрё бизнес мектеби жана Казакстандын Алматы техникалык университети менен тыгыз иш алып барат. Бул эки окуу жай менен атайын келишим бар. Ага ылайык студенттер эл аралык деңгээлде да билим алып, окуусун аяктаганда эки дипломго ээ болушат. Бул жылы пилоттук долбоор катары Алматы техникалык университетине 15 студентти бир семестрлик окууга жөнөткөнү турабыз. Ошондой эле ал жактан да 15 студент бизге келип билим алып кетишет. Бул университеттеги билим берүү деңгээлин эл аралык даражага чыгарууга жасалган аракеттеринин бири. Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылы КЭУ Россиянын Финансы университети менен да меморандумга кол койду. Эми аталган окуу жай менен да иш алып барып, студенттерди бир жыл жана жарым жылга окууга жөнөтүп турабыз", — деди Джаилова.

Ошондой эле ал аталган университет өзүн-өзү каржылаган окуу жайлардын катарына киргендиктен, окуу контракттык негизде жүргүзүлүп, бюджеттик орундар жок экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0