16:39 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Кыргызстан улуттук электр тармагы ишканасынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Элзада Саргашкаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Саргашкаева: электр чубалгыларынын жанына жалбырак өрттөбөш керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
78 0 0

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Элзада Саргашкаева күндүн жылуу болушу менен ишембиликтер өтүп, жалбырактарды өрттөө башталып жатканын айтты.

Жаздын келиши менен жогорку чыңалуудагы электр берүүчү чубалгылардын жанына кургак чөптөрдү өрттөгөн фактылар көп катталууда. Бул тууралуу Элзада Саргашкаева Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, электр чубалгыларынын жанына жалбырак өрттөбөш керек.

"Жер ээлери, дыйкандар жакын жерде энергетикалык объектилердин жайгашканын эске албай эле айдоо аянттарды эгин эгүүгө даярдап, куураган жылбырактарды өрттөп салууда. Күндүн жылуу болушу менен ишембиликтер да башталгандыктан, жер тазалоо иштери жүргөндөн кийин таштандылар өрттөнүп, коюу түтүндүн пайда болушуна себеп болууда. Эгер ал жогорулап кетсе, чоң кырсык болушу мүмкүн. Андыктан электр чубалгыларынын жанына жалбырак өрттөбөш керек", — деди ал.

Саргашкаева жалбырактарды электр чубалгыларынын жанына өрттөгөн учур өзгөчө Чүй облусунда көп катталып, бул маселе аталган аймакта курч болуп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Анарбек уулу: бир нече ирет жалбырак өрттөгөндөргө 20 миң сом айып салынат
Белгилер:
ишембилик, жаз, Өрт, жалбырак

ЭҢ МААНИЛҮҮ