17:38 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин профессору Каныбек Осмоналиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Осмоналиев: уруунун камын көрөм деп улутту жок кылып албайлы

Радио
Кыскача шилтеме алуу
124 0 0

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин профессору Каныбек Осмоналиев кыргыз улуту үчүн уруу-урууга бөлүнүү саясатын жандандыруу туура эмес, керек болсо коркунучтуу багыт экенин айтты.

"Манас" эпосунда айтылгандай, кыргыздар 40 уруудан куралган улут. Бирок соңку мезгилдерде биз бул ынтымакка үндөгөн ураанды тескери багытка буруп, ар ким өз уруусунун көмөчүнө күл тартмайга өтүп алды. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Мындай пикирин Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, урууга бөлүнүү кыргыз улутунун жашоо философиясы, тарыхы катары гана сакталып калышы керек. Аны учурдагы жашоого илимий багытта гана колдонуу туура багытка алып барат.

"Кыргыз улутунун тарыхы, өзгөчөлүгү болгон санжыраны саясатка айландырып, элди бөлүп-жарган кадамдар коомдо кээде пайда болуп калат. Бул туура эмес. XVIII-XIX кылымдардагы жашоо эрежесин азыркыга таңуулоо чекилик. Өкүнүчтүүсү, урууга, урукка бөлүнүү карапайым калк арасында эмес, бийлик төбөлдөрүнөн көп байкалат. "Биздин уруудан башкарма болсун", "менин уруумдан жетекчи келсин" деген саясат мамлекеттүүлүккө залакасын тийгизет. Биз муну токтотушубуз керек. Болбосо улут келечегин талкалап алабыз. Урууга бөлүнбөй, улутка биригип, илим-билимге умтулганыбызда гана өлкөнүн эртеңин көрө алабыз", — деди Осмоналиев.

Ал паспорттогу улуту жазылган графаны алып салууга да каршы инсандардан экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Осмоналиев: билимди улуттук идеологияга айлантканда гана өнүгөбүз
Белгилер:
биримдик, саясат, уруу, улут, Каныбек Осмоналиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ