Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторов: жарыктандыруучу элементи бар кийимдер кырсыктан сактайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов. Архив
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов өзгөчө кыш мезгилинде жөө жүргүнчүлөр жарыктандыруучу элементтери бар кийимдерди кийип, жол кырсыгынын алдын алса болорун айтты.
Оторов: жарыктандыруучу элементи бар кийимдер кырсыктан сактайт

Жарыктандыруучу элементти мектеп окуучулары сумкасына, же кичинекей кыздар чачына тагып алса болот. Мындай аракет жол кырсыгын азайтат. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарыктандыруучу элемент менен бараткан адамды 150 метр, ал эми жарыктандыруучу элементи жок кишини 30 метр алыстыктан байкоого болот.

"Айрым учурда байкаштыруу максатында атайын коомдук транспорттор менен жүрүп калам. Кээ бир айдоочулар тыюу салынган жерден жүргүнчүнү түшүрүп салат. Жүргүнчү өзү эле унаадан чыгып кеткенин айтып, айдоочу жол эрежесин бузганын моюнга алгысы келбейт. Ал унааны башкарып, айдап жаткандыктан ичиндеги кишилерге да жооптуу болот. Мындан сырткары, өзгөчө кыш мезгилинде өспүрүмдөрдү жарыктандыруучу элементи бар кийим кийип жүрүүгө чакырат элем. Анткени кышында туман болуп, жол жакшы көрүнбөй, жөө жүргүнчүнү сүзүп кетүү коркунучу да жогору. Жарыктандыруучу элементи жок кийимчен кишини 30 метр, ал эми жарыктандыруучу элементи бар кийим кийген адамды 150 метр алыстыктан байкоого болот", — деди ал.

Ошондой эле Оторов аталган маселе боюнча мектептерде маал-маалы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0