19:14 19 Чын Куран 2018
Түз эфир
Председатель инициативной группы по продвижению бренда ВИК Союзбек Надырбеков.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Надырбеков: Көчмөндөр оюнуна келген ыктыярчылар дыкат көзөмөлгө алынат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (25)
114 0 0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу катчылыгынын инфраструктура боюнча координатору Союзбек Надырбеков долбоорго ыктыярчы болууну каалап, жалпысынан 3000ден ашуун адамдан кат келгенин билдирди

Көчмөндөр оюнуна келген чет элдик ыктыярчылар дыкат көзөмөлгө алынат. Кооптонууга эч негиз жок. Бул тууралуу Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.

Анын айтымында, быйылкы оюндарга 15 мамлекеттен 40 чет элдик ыктыярчы тартылган.

"Жалпысынан бизге 3000ден ашуун кат келди. Эки турдан турган тандоонун жыйынтыгында 550 адамды ыктыярчылыкка тандап алдык. Алардын 40ы чет элдик. Биз эл аралык тажрыйбаны колдонуп, ыктыярчылардын психологиялык абалына, билимине, канча тил билерине көңүл бөлдүк", — деди Надырбеков.

Ал иш-чара учурунда ар бир ыктыярчы дыкат текшерүүдөн өтөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, эл аралык оюндар үстүбүздөгү жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Тема:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (25)

Тема боюнча

Асанов: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аброю олимпиададан кийинки эле орунда
Абдесова: быйылкы Көчмөндөр оюнуна бюджеттен 306 миллион сом бөлүнөт
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Союзбек Надырбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ