Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетов: жазгы талаа иштери быйыл эрте башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель одного из отделов министерства сельского хозяйства КР Бакыт Мамбетов
Руководитель одного из отделов министерства сельского хозяйства КР Бакыт Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дыйканчылыкты, үрөнчүлүктү жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бакыт Мамбетов дыйкандарга 10 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилип жаткандыгын айтты
Мамбетов: жазгы талаа иштери быйыл эрте башталды

Быйыл жазгы талаа иштери былтыркыга салыштырмалуу эки жума эрте башталды. Бул тууралуу Бакыт Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, минералдык жер семирткичтер Россиядан жана Өзбекстандан алып келинүүдө.

"Быйыл жазгы талаа иштери былтыркы жылга салыштырмалуу эки жума эртерээк башталды. Атайын түзүлгөн структуранын негизинде бул жылы 50,7 пайыз дан эгиндери, 31,2 пайыз тоют, 6,9 пайыз картошка, 5,3 пайыз жашылча, 2 пайыз пахта жана 1,5 пайыз кант кызылчасы эгилет", — деди Мамбетов.

Адис дыйкандар насыяны РСК жана "Айыл Банкы" аркылуу алса боло тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0