Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ниязалиев: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна 1,5 млрд. доллар кетиши мүмкүн

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖеке ишкер Уран Ниязалиев
Жеке ишкер Уран Ниязалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке ишкер Уран Ниязалиевдин айтымында, ушул күнгө чейин Кыргызстан Чыгыш Азия өлкөлөрү менен соода алакасын жогорку деңгээлде куралган жок. Ал мунун бирден бир себебин транспорт маселеси чечилбей келгендиги менен байланыштырат.
Ниязалиев: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна 1,5 млрд. доллар кетиши мүмкүн

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долборуна 1,5 миллиард доллар сарпталышы мүмкүн. Бул тууралуу Уран Ниязалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе боюнча буга чейин Өзбекстан макул болгон эмес.

"Өзбекстандагы жетекчилердин алмашуусу менен мамлекеттин көз карашы да өзгөрүп, бул демилгени колдоп баштады. Аталган долбоор биздин өлкөдөн эле токтоп калбайт. Бизден ары да Өзбекстан, Тажикстан, Иран сыяктуу кошуна мамлекеттерге уланат. Канчалык мамлекеттер көп кошулса каражат жаатынан пайдалуу болот. Азырынча мынча сумма кетет деген так маалыматтар жок, бирок болжолдуу түрдө 1,5 миллиард доллар сарпталат деген сөздөр бар", — деди Ниязалиев.

Ал соңку мезгилде кытай ишкерлери Кыргызстанга бекеринен агылып жатпаганын, бул долбоордо Кытай мамлекетинин чоң кызыкчылыгы бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0