Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Суранчиев: биогаз чыгаруучу жабдууну 39 миң долларга сатып алгам

Жазылуу
Фермер Чынар Суранчиев учурда биогаздын жардамы менен үйүн жылытып, тамак жасай тургандыгын айтты
Суранчиев: биогаз чыгаруучу жабдууну 39 миң долларга сатып алгам

Биогаз чыгаруучу жабдууну 39 миң долларга сатып алганын Чынар Суранчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар биогазды жасоону эми гана үйрөнүп жатышат.

"Иш жүзүндө көрүп, эми түшүнүп жатам. Колдон келишинче биогаз чыгаруучу жабдуунун чоңун алуу керек экен. Мен жалпы жонунан 57 миң доллар короттум. Бул бардык чыгымды кошкондо. Ал эми 40 кубдук жабдуунун өзүн 39 миң долларга сатып алгам", — деди Суранчиев.

Ал биогаз малдын кыгынан алынарын айтып, жабдууну орнотуу үчүн атайын имарат салуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0