Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шакиров: Ошто жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облустук Кайгуул милиция башкармалыгынын башчысы Шаирбек Шакиров
Ош облустук Кайгуул милиция башкармалыгынын башчысы Шаирбек Шакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Ош облусу боюнча 685 жол кырсыгы катталган
Шакиров: Ошто жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө жол кырсыгынан каза болгон жарандар эскерилип, куран түшүрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Ош облустук Кайгуул милиция башкармалыгынын башчысы Шаирбек Шакиров билдирди.

Бишкек — Ош автожолунун 685-чакырымында унаалар эки тараптуу токтотулуп, үч мүнөттүк эскерүү жарыяланды.

"Бул акция жол кырсыктарынын алдын алуу, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакыруу максатында жана 19-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жол транспорт кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнүнө карата облустук милиция жана Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан уюштурулду. Ага кырсыктан каза болгондордун туугандары, айыл тургундары жана милиция кызматкерлери катышты", — деди Шакиров.

Ошондой эле ал 2017-жылы 10 ай ичинде Ош облусунун аймагында 685 жол кырсыгы катталганын, анын кесепетинен 126 адам каза болуп, 1196 адам ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0