Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө жол кырсыгынан каза болгон жарандар эскерилип, куран түшүрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Ош облустук Кайгуул милиция башкармалыгынын башчысы Шаирбек Шакиров билдирди.
Бишкек — Ош автожолунун 685-чакырымында унаалар эки тараптуу токтотулуп, үч мүнөттүк эскерүү жарыяланды.
"Бул акция жол кырсыктарынын алдын алуу, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакыруу максатында жана 19-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жол транспорт кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнүнө карата облустук милиция жана Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан уюштурулду. Ага кырсыктан каза болгондордун туугандары, айыл тургундары жана милиция кызматкерлери катышты", — деди Шакиров.
Ошондой эле ал 2017-жылы 10 ай ичинде Ош облусунун аймагында 685 жол кырсыгы катталганын, анын кесепетинен 126 адам каза болуп, 1196 адам ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөнүн кошумчалады.