04:42 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Ош облустук балдар ооруканасынын хирургу Кудайберди Тешебаев
© Sputnik / Зульфия Тургунова

Тешебаев: 13 жаштагы кыз төрт жыл бою өзүнүн чачын жеп жүргөн

Радио
Кыскача шилтеме алуу
441 0 0

Ош облустук балдар ооруканасынын хирургу Кудайберди Тешебаев операция жолу менен өспүрүмдүн ашказанындагы чач алынганын айтты

Ашказанынан 1,5 килограмм салмактагы чач алынган 13 жаштагы кыз төрт жыл бою өзүнүн чачын жеп жүргөн. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын хирургу Кудайберди Тешебаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, өспүрүм кыздын үйүндө чыр-чатак көп болгондуктан кабатырланып жатып өзүнүн чачын жегенин байкабай калчу.

"13 жаштагы өспүрүм кыздын көзү ооругандыктан энеси Ноокат районунан Ош облустук ооруканага алып келиптир. Окулист кыздын ашказанында шектүү бир нерсе чыгып турганын байкап, аларды гастроэнтерологго жөнөткөн. Ашказанын текшергенде ичинде чач бар экени белгилүү болуп, операция жолу менен 1,5 килограмм чач алып чыктык", — деди Тешебаев.

Хирург билдиргендей учурда кыздын абалы жакшы. Ал балдар ооруканасында дагы 10 күндөй дарыланат.

Тема боюнча

Индияда 600 мык жутуп алган кишиге жасалган операция видеого тартып алынган
Ошто өспүрүм кыз 1,5 кг чачты кандайча жеп алган? Хирургдун түшүндүрмөсү
Белгилер:
чач, ашказан, операция
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ