04:36 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Акенеев: Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү камсыздай алат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
6801

Экономика боюнча эксперт Жумакадыр Акенеев кыргыз эли ачка калбай тургандыгын айтты

Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү камсыздай алат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Казакстандан акчасы төлөнгөн буудайдын 20-30 пайызын гана алып жатканын, өлкөдө буудай таңкыстыгы жаралышы мүмкүндүгүн ун өндүрүүчүлөр комитетинин төрагасы Рустам Жунушев билдирген.

"Казакстандын буудайынын сапаты жакшы. Ошондуктан биз алардан буудай алып, аралашма жасайбыз. Бирок 1-2 айда буудайдын кору түгөнөт деген сөз туура эмес. Анткени Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү камсыздай алат. Болгону сапаты төмөнүрөөк болуп калышы мүмкүн. Ачка калбайбыз", — деди Акенеев.

Ал эч болбосо Россиядан буудай алса болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстанда бензин калбай калабы? Күйүүчү май рыногундагы дүрбөлөң
Белгилер:
Буудай, Жумакадыр Акенеев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ