Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү камсыздай алат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Акенеев: Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү камсыздай алат
Эске сала кетсек, Кыргызстан Казакстандан акчасы төлөнгөн буудайдын 20-30 пайызын гана алып жатканын, өлкөдө буудай таңкыстыгы жаралышы мүмкүндүгүн ун өндүрүүчүлөр комитетинин төрагасы Рустам Жунушев билдирген.
"Казакстандын буудайынын сапаты жакшы. Ошондуктан биз алардан буудай алып, аралашма жасайбыз. Бирок 1-2 айда буудайдын кору түгөнөт деген сөз туура эмес. Анткени Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү камсыздай алат. Болгону сапаты төмөнүрөөк болуп калышы мүмкүн. Ачка калбайбыз", — деди Акенеев.
Ал эч болбосо Россиядан буудай алса болорун кошумчалады.