04:37 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Жеке ишкер Самат Бакчиев маек учурунда
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бакчиев: заводубуздан ЕАЭБ талаптарына жооп берген колбаса чыгарыла баштады

Радио
Кыскача шилтеме алуу
105 0 0

Жеке ишкер Самат Бакчиевдин айтымында, аталган продукция жакынкы күндөрү кошуна өлкөлөргө экспорттолот.

Бишкекке жаңы курулган заводдо ЕАЭБдин талаптарына жооп берген колбаса чыгарыла баштады. Бул тууралуу ишкер Самат Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, колбаса жасоо үчүн кара малдын эти атайын Кочкордон алып келинет.

"Долбоор жазып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунан акча алдык. Анан үстүнө акча кошуп, өткөн жылы завод салып баштаганбыз. Курулуш иштери быйыл сентябрь айында аяктап, октябрда расмий түрдө ачылдык. Учурда сапаты жакшы колбасаларды чыгарып жатабыз", — деди Бакчиев.

Ал аталган продукция жакынкы күндөрү кошуна өлкөлөргө экспорттолорун кошумчалады.

Тема боюнча

Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн төрт жылдык программасы бекитилди
Белгилер:
завод, колбаса, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ