Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдырахматов: күн сайын 300гө чукул майда жер титирөөлөр болуп турат

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Института сейсмологии Национальной академии наук КР Канатбек Абдрахматов
Директор Института сейсмологии Национальной академии наук КР Канатбек Абдрахматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов майда жер титирөөлөр атайын жабдуулардын жардамы менен гана сезилерин айтты.
Абдырахматов: күн сайын 300гө чукул майда жер титирөөлөр болуп турат

Күн сайын 300гө чукул майда жер титирөө болуп турат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тоолору индия жана казак плиталарынын ортосунда жайгашкан.

"Биздин тоолор жаш тоолор. Буларды индия плитасы деп коет. Алар күңгөй тарапка жылып турат. Күңгөй жакта казак плитасы бар. Алар жылбайт. Ушул эки плитанын ортосунда биздин тоолор жайгашкан. Индия плитасы секунд сайын жылып тургандыктан чыңалуулар пайда болуп, жер силкинүүлөр катталат. Бизге билинбегени менен күн сайын 300гө чукул майда жер титирөөлөр болуп турат", — деди Абдырахматов.

Адис майда жер титирөөлөр атайын жабдуулардын жардамы менен гана сезилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0