Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: президентибиз кекетүү үчүн эмес, эскертүү үчүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда мамиле ысык бойдон кала берет деген ойдо
Момбеков: президентибиз кекетүү үчүн эмес, эскертүү үчүн айтты

Президентибиз казак тарапты кекетүү үчүн эмес, эскертүү үчүн айткандыгын КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске салсак, 7-октябрда кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, президент Атамбаев казак бийлиги жана андагы бир катар адамдар туурасында кескин пикирин билдирген.

"Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кекетүү үчүн эмес, эскертүү үчүн айтты. Кайсыл бир талапкерлерди коркутуу үчүн эмес, өлкөнүн коопсуздугу үчүн айтты. Катуу кетпеген, жай эле билдирүү жасады. Мен муну менен эки өлкөнүн мамилесинин салкындашына ишенбейм", — деди Момбеков.

Ал казак тарап дагы эки өлкө ортосундагы мамиленин ысык бойдон сакталышына кызыкдар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0