Кожомкул күчтүү гана эмес, акылман, эр көкүрөк адам болгон. Бул тууралуу СССРдин Эл артисти, режиссер Болот Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кожомкул балбан тууралуу тасма тартуу аракети көрүлүүдө.
"Кожомкул тасмасы тарыхый кино болот. Ал тууралуу бардык кыргыз билиши керек. Кеп анын жылкы менен төөнү көтөрүп, уйду саздан чыгарганында эмес. Анын эр жүрөктүүлүгү, адамгерчиликтүүлүгү, акылмандыгы чагылдырылат. Айрымдар Кожомкул жөн гана баатыр дешет. Биз ошол сөздөргө жооп беребиз", — деди Шамшиев.
Ал жаңы тасма төрт бөлүктөн туруп, алгачкы эки бөлүгү балбандын атасы Каба тууралуу болорун кошумчалады.