21:54 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архивное фото
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев

Кадырбаев: 5-сентябрды кыргыз-өзбек достук күнү деп атоону сунуштайлы деп турабыз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
148 0 0

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантып, андан өтүү процедурасы жөнөкөйлөтүлүп, эми күнү-түнү иштемей болду.

Кыргыз-өзбек мамилелеринин кайрадан жанданышынан, чек арадагы "Достук" көзөмөл өткөрүү жайынын жеңилдетилген шартта иштешинен улам 5-сентябрды кыргыз-өзбек элинин достук күнү деп атоону пландап жатабыз. Бул туурасында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев билдирди.

"Эки эл үчүн чоң майрам, тарыхый күн болууда. Эки президенттерибиздин туура жүргүзгөн саясатынан кыргыз-өзбек мамилеси кайрадан жанданды. Биз коллегаларыбыз, өзбек тарап менен сүйлөшүп 5-сентябрды кыргыз-өзбек элинин достук күнү деп белгилөөнү мамлекет башчыларга сунуштайлы деп жатабыз", — деди Айтмаматов.

Эске сала кетсек, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 5-6-сентябрда Бишкекке мамлекеттик иш сапар менен келип, анда эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлган. Негизги маселе катары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча жетишилген макулдашуусу болгон.

"Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери чек ара боюнча бир нече документтерге кол койду. Андан сырткары, Ош менен Анжиян шаарлары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамиле келишимине кол койдук. Мындан ары эки шаар эмес, эки мамлекеттин достугуна жаңы кадамдар жасалып, чек ара боюнча мурдагы көйгөйлөр болбойт деп ишенебиз", — деди мэр.

2010-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин аталган жай күндүн кайсы бир гана маалында иштеп, чек араны кесип өтүү үчүн бир катар документтер, атайын чакыруу же телефонограмма тыкыр талап кылынып келген.

Тема боюнча

Мирзиёев өз премьерине кыргызстандык кесиптеши менен сүйлөшүп турууну тапшырды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантты
Белгилер:
чек ара, Шавкат Мирзиеев, Айтмамат Кадырбаев, Алмазбек Атамбаев, Өзбекстан, Ош, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ