Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атабаев: Москвадагы дүйнөлүк куран жарышта 32 өлкөнүн мыктылары күч сынашат

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев конкурстун жүрүшүндө дүйнөлүк аалымдар лекция өтүп, ар кыл иш-чаралар уюштурула турганын айтты.
Атабаев: Москвадагы дүйнөлүк куран жарышта 32 өлкөнүн мыктылары күч сынашат

Москвадагы дүйнөлүк куран жарышында 32 өлкөнүн мыктылары күч сынашат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев.

Анын айтымында, жарыш үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Москвадагы Crocus City Hall залында өтөт.

"Москва шаарында өтө турган дүйнөлүк куран жарышына Кыргызстандын атынан Абдималик Козубеков катышат. Негизи сынакта 32 мамлекеттин ичинен тандалган мыктылар күч сынашат", — деди Атабаев.

Анын айтымында, конкурстун жүрүшүндө дүйнөлүк аалымдар лекция өтүп, ар кыл иш-чаралар уюштурулат.

Ал эми жеңүүчүлөргө ажылыкка, умрага жолдомолор жана Iphone 7 уюлдук аппараттары берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0