Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматалиев: Жээнбековдун ордуна Абулгазиев убактылуу барат

© Фото / предоставлено Алмазом АкматалиевымСаясий серепчи Алмаз Акматалиевдин архивдик сүрөтү
Саясий серепчи Алмаз Акматалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи Алмаз Акматалиевдин айтымында, өкмөттүн курамында алмашуу болбойт.
Акматалиев: Жээнбековдун ордуна Абулгазиев убактылуу барат

Учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ордуна биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев убактылуу келет. Мындай пикирин саясий серепчи Алмаз Акматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, КСДП партиясы президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн.

"Менин оюмча премьер-министр ашып кетсе 1,5 айга гана кызматын тапшырат. Андыктан жаңы өкмөт башчы деле келбейт. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев милдетин аткарып турат", — деди эксперт.

Акматалиев өкмөттүн курамында алмашуу болбойт деген оюн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0