Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байзакова: спорттун кулатуу түрү боюнча үч жыл машыккам

© Sputnik / Жоомарт УраимовПевица отечественной эстрады Назми Байзакова
Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстрада ырчысы Назми Байзакова мектеп курагында спорттун кулатуу түрү боюнча республикалык чемпионатта экинчи орунду алып, үч жыл машыккандан кийин ден соолугуна байланыштуу токтотуп койгон.
Байзакова: спорттун кулатуу түрү боюнча үч жыл машыккам

Бул тууралуу ырчы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

"Эсимде, бир жолу коңшу мектепте дискотека болот деп угуп калдык. Беш кыз болуп кирип барсак, шаардык кыздар "Бишкектен келдик, бир нерсе дебейсиңерби" деп кыйынсынып калышты. Мен ал кезде спорт менен машыгып, кулатуу боюнча республикалык чемпионатта экинчи орунду алгам. Бирдеме болсо кыздарым үчүн "туруп" берем деп билек түрө бергенде, чоң эжелер аралашып, таркатып жиберген. Негизи өзүм чыр-чатактан алыс адаммын. Кулатуу менен үч жыл машыккандан кийин, апам ден соолугума байланыштуу токтоттуруп койгон" — деди Байзакова.

Соңку мезгилде кыргыз шоу-бизнесине жаңы образ, имидж менен кайткан ырчы айым "Бактым тоодой ушундай", "Манас" ырлары менен күйөрмандарын топтоодо.

Ырчы менен болгон толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0