Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Макелеев: 90 киши көчөдө калды, көп жылдык эмгегибиз кайда кетет

© Sputnik / Эмиль СадыровКиргизия-2 районунун тургуну Амандык Макелеев
Киргизия-2 районунун тургуну Амандык Макелеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин Ленин районундагы Киргизия-2 жаңы конушунун 90дон ашык жараны төрт күн мурун жашап жаткан үйлөрүнөн көчөгө чыгарылган.
Макелеев: 90 киши көчөдө калды, көп жылдык эмгегибиз кайда кетет

Аларды жашап жаткан үйүнөн Ленин райондук сотунун чечимине таянып, аталган райондун сот аткаруучулары чыгарышкан.

Аталган имарат 1999-2000-жылдары каралбай калган учурда азыркы жашоочулары кирип жашап калганы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Амандык Макелеев аттуу тургун билдирди.

"Биз бул жакта 10 жылдай тынч жашадык, меники деп эч ким келген эмес. Бирок 2010-жылдан баштап Садыкбек Аблесов деген адам келип менин үйүм, силер чыккыла дей баштады. Андан кийин "Керамика" ЖЧКсынын өкүлдөрү биздики деп келишти. Эми Ленин райондук сотунун сот аткаруучулары бул имараттын ээси "Аманбанктан" кредит алып, алдырып ийген" деп бизди кууп чыгышты", — деди Макелеев.

Анын айтымында, жашап жаткан үйлөргө расмий укугу жок болгону менен 6-7 жылдан бери суу, электр жарыгы жана таштанды үчүн акы төлөп келишкен.

Аталган окуянын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0