Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыбаитова: биздин радио ырчылардан акча албайт

© Sputnik / Жоомарт Ураимова"Кыргызстан обондору" радиосунун программалык директору Лилия Абдыбаитова маек учурунда
Кыргызстан обондору радиосунун программалык директору Лилия Абдыбаитова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан обондору" радиосунун программалык директору, булбулдай үнү, жагымдуу күлкүсү, берметтей сөздөрү менен миңдеген угармандарды арбап, кайсы бир уюлдук компаниядан мүнөт сайын үнү жаңырган Лилия Абдыбаитова Sputnik агенттигине маек куруп берди.
Абдыбаитова: биздин радио ырчылардан акча албайт

Анын айтымында, ырчылар радиого ырын чыгарыш үчүн акча төлөйт деген кептер чындыкка жатпайт.

"Эгер чыгармачыл адамдар сапаттуу ырларды алып келишсе, кантип эле биз аны чыгарбай коелу. Мыкты чыгармалар бизге аудитория топтош үчүн керек. Тагыраагы, биз өзүбүз кызыкдарбыз", — деди Абдыбаитова.

Ал "Кыргызстан обондору" ырчылардан акча талап кылбай турганына 100 пайыз кепилдик берерин кошумчалап өттү.

Лилия Абдыбаитова менен болгон толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0