00:54 20 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев

Жээнбеков: өкмөт жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маянасын которду

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер титирөөлөр (30)
67 0 0

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жабыр тарткандарга атайын эсеп ачылганын кошумчалады.

Өкмөт жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маянасын которду. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Эске сала кетсек, 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындай жер титирөө 5-майда болжол менен 11:15де болуп Ошто төрт, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен. Мунун кесепетинен Чоң-Алай районунда бир нече социалдык мекемелер жана турак жайлар авариялык абалга келген.

"Жер титирөөдөн турак-жайлары жабыркагандарга арматура, цемент жана башка керектүү материалдар өз баасында сатылат. Мындан сырткары, Чоң-Алай боюнча эсеп ачылды. Биз өкмөт бир күндүк маянабызды Өзгөндөгү көчкүдөн жабыр тарткандарга, бир күндүк маянабызды жер титрөөдөн жабыр тарткандарга котордук", — деди Жээнбеков.

Өкмөт башчы башка иш каналардагы ачылган эсепке акча которууну пландап жатканын кошумчалады.

Тема:
Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер титирөөлөр (30)

Тема боюнча

Жээнбеков жер силкинген Чоң-Алайда мобилдүү мектептерди уюштурууну тапшырды
Чоң-Алайда жер титирөөнүн кесепетинен 3000дей тургун чатырларга көчүрүлдү
Кыргызстанга жакын жерлерде эмнеге жер титиреп жатканын сейсмолог түшүндүрүп берди
Чоң-Алай: тургундар жер титирөө учуру тартылган видеону чыгарышты
Белгилер:
жер титирөө, өкмөт, Сооронбай Жээнбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ