Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Роза Шакирова: "Таппай жүрөмдү" ырдаганда атамдын элеси тартылат

© Sputnik / Жоомарт УраимовПевица отечественной эстрады Роза Шакирова
Певица отечественной эстрады Роза Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү ырчы чыгармачылыкка аралашкан жолу тууралуу маек курду.
Роза Шакирова: "Таппай жүрөмдү" ырдаганда атамдын элеси тартылат

"Таппай жүрөм" ырын аткарган сайын көз алдыма атамдын элеси тартылат. Бул тууралуу кыргыз элине таанымал ырчы Роза Шакирова Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, обону Асылбек Өзүбековго таандык чыгарманын ичинде ата-энеге, өзүңө, жакын адамдарыңа болгон кусалык, сүйүү, сагынуу камтылган.

"2005-жылы бир концертте "Таппай жүрөмдү" ырдап, жарк этип эле таанылып калдым. Атам каза болгондон кийин ойлонбой туруп бет алдыма атамды ойлоп туруп эле ырдай берчүмүн. Бул ырдын ичинде ата-энеге, өзүңө, жакын адамдарыңа болгон кусалык, сүйүү, сагынуу бар. "Таппай жүрөмдүн" сөзүн жазган адам 25 жашында жол кырсыкка кабылып, бутуна доо кетип баспай калыптыр. Келинчеги менен да эки жолго түшүптүр. Анан ден-соолугу жайында кезин сагынчу экен", — деди Шакирова.

Роза Шакирова менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0