Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Миталип Мамытов: мээ рагынын себебин тапканга алтындан эстелик тургузулат

© Sputnik / Табылды КадырбековНейрохирург, профессор Миталип Мамытов маек учурунда
Нейрохирург, профессор Миталип Мамытов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нейрохирург, профессор Миталип Мамытов 77 жашка чыкты. Ал иш тажрыйбасында 10 миңден ашык операция жасаган.
Миталип Мамытов: мээ рагынын себебин тапканга алтындан эстелик тургузулат

Баштын шишиги эмнеден улам пайда болорун ал мындайча айтып берди.

"Дүйнө жүзү боюнча дарттын так аныкталган себеби жок. Бирок айрым теориялар бар. Маселен, тукум куучулуктан, радиациянын кесепетинен улам клеткалар дүүлүгүп акырындык менен шишикке айланып кетет. Вирустун айынан, денедеги зат алмашуунун туура эмес жүрүшү, гормоналдык бузулуунун негизинде шишик пайда болот", — деди ал.

Мамытов ошондой эле мээнин шишиги рактын бир түрү экенин айтып, шишикти ар кандай жолдор менен дарылоого болорун кошумчалады.

Эгер кимде ким мээ рагынын себебин тапса, ага алты жерге алтындан айкел коюларын айтты.

Миталип Мамытов менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0