16:06 28 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыковдун архивдик сүрөтү
© Фото \ Зульфия Тургунова

Замир Сыдыков: ырчы кыз милиция унаанын эшигин ачканда аны бетке тепкен

Радио
Кыскача шилтеме алуу
35302

13-январга караган түнү саат Ош шаарынын Кайгуул милициясы Масалиев жана Абдыкадыров кѳчѳлѳрүнүн кесилишинен Honda Accord үлгүсүндѳгү автомашинаны алыскы чырактарын жандырып келе жаткан учурда токтотууга аракет жасаган.

Окуя кандай болгонун Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков мындайча түшүндүрүп берди. 

"Айдоочу милициянын буйругуна баш ийбестен качкан. Аны атайын маалымдама аркылуу Ош шаарынын Алиев кѳчѳсүнөн токтоткон учурда ал мас абалдагы аял киши экени аныкталган. Документтерин бербей, ар кандай уят сѳздѳрдү сүйлѳп, визиткасын гана берген. Ѳзүн туулган күндөн келе жатканын белгилеп, "ОшТВ" телеканалынын кабарчысы, "эл тааныган ырчы" А.Ж. катары тааныштыргандан кийин азыр коё бербесе тааныштарына айтып "кѳргүлүктү кѳрсѳтѳрүн" айткан", — деди ал.

Сыдыков ошондой эле документтерди кѳрсѳтүүнү талап кылган милиция кызматкерине аял каршылык кѳрсѳтүп, эшикти ачкан учурда шиш такасы менен аны бетке тээп жибергенин кошумчалады.

Учурда бул ырчы кыздын үстүнѳн Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Аталган окуянын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Тема боюнча

Ош: мас абалындагы ырчы айым такасы менен милициянын чекесин жара тепти
Белгилер:
Кайгуул милициясы, Замир Сыдыков, Ош