Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумамидин Сулайманкулов: Оштогу зилзаладан ураган үйлөрдүн 11и курулуп бүттү

© Фото / Зульфия ТургуноваӨкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов
Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр 17-ноябрда Кара-Суу районунун Чайчы айылында жети баллга жеткен жер титирөө катталып, андан 500дөй турак үй жараксыз абалга келген.
Мидин Сулайманкулов: Оштогу зилзаладан ураган үйлөрдүн 11и курулуп бүттү

Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов өткөн жылы Кара-Суу районундагы Чайчы айылында болгон зилзаланын айынан жабыркаган тамдардын ордуна үйлөр курулуп, анын 11и бүткөнүн кабарлады. 

Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында Кара-Суу районунун Чайчы айылында жети баллга жеткен жер титирөөнүн кесепетинен 500дөй турак үй жараксыз абалга келген. 

"Калган турак жайларды кыш мезгилине чейин бүткөрүүгө аракет жасалып жатат. Дагы 177 үйдүн пайдубалы куюлуп, 152нин дубалдары тургузулган. 116 үйдүн чатыры жабылып, 55 үйдүн ичине ремонт иштери жүрүп жатат", — деп билдирди Сулайманкулов. 

Ал ошондой эле Чайчы айылынын тургундарына өкмөт тарабынан 200 миң сомдон ссуда берилгенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0