Жаан карга айланып, үшүк жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКар аралаш жаан. Архив
Кар аралаш жаан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын жумушун жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 17-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн экенин айтып, шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, Кыргызстандын айрым аймактарында үч күн жаан катуу жаап, бийик тоолуу жерлерде кар түшүүсү күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Ак-Сай жайлоосуна малчылар жакага түшө электе кар жаап салды. Видео

Абанын температурасы кескин төмөндөп, 18-19-сентябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19 градус болот. Таласта абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус деп божомолдонду. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23 градус, Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болушу ыктымал.

Ал эми 20-21-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектериндеги кээ бир райондордо температура 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөрү айтылды.

ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын жумушун жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0