Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AFP / ANDREW CABALLERO-REYNOLDSЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-сентябрда түнкүсүн республиканын бардык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 14-сентябрь, дүйшөмбүдө, Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган региондордо күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас жергесинде +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25 жана Нарын аймагында +21…+26 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +28...30, ал эми Ошто +30...+32 градуска  жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0