Жер трансформациялоодо жергиликтүү бийликтин укугун кеңейтүү сунушталды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевХод весенне-полевых работ в Чуйской области
Ход весенне-полевых работ в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечилер мыйзам аймактарда иш орундарын түзүүгө, мигранттардын өлкөгө кайтып келүүсүнө багытталганын айтат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Айрым депутаттар жерлерди трансформациялоо боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын укугун кеңейтүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоорунун негизги автору Абывахап Нурбаев. Ал демилге биринчи кезекте өлкөнүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө, иш орундарын түзүүгө, мигранттардын өлкөгө кайтып келүүсүнө багытталганын билдирди.

"Айылдарда өндүрүш аймактарын күчтөндүрүү, суу түтүктөрүн куруу жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын бекемдөө каралган. Көпчүлүк тышкы жана ички инвесторлор жерлерди трансформациялоо жараянынын татаалдыгынан улам айылдарга каржы салбай жатат", — деди Нурбаев.

Жогорку Кенештин жыйналышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар оор кырдаалда элге жөлөк болчу мыйзам долбоорун кабыл алды
Талкуу маалында депутаттар сунушталып жаткан түзөтүүлөрдө инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн жогору экенине токтолушту. Ошол эле учурда жергиликтүү бийликтегилер коррупциялык жана жеке кызыкчылыкты камтыган аракеттерге барышы мүмкүндүгүн айтышты.

"Андай жагдайды жаратпаш үчүн мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өздөрү жана прокуратура органдары тарабынан көзөмөлдөө механизми каралган", — деп жооп берди Нурбаев.

Натыйжада мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлүп, колдоо тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0