Шаршемби күнгө карата аба ырайы

Жазылуу
18-сентябрда республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн экени айтылды. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү, 18-сентябрда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Абанын температурасы Чүйдө +23… +28, Талас аймагында +22…+27, Нарын, Ысык-Көлдө +15…+20, ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында +25...+30, Баткенде +24…+29 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы борбор калаада +25…+27 градуска жетип, Ошто +26…+28 градуска чейин жылыйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0