Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровДождь в горах. Архивное фото
Дождь в горах. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. 28-августта түнкүсүн тоолуу аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35, Таласта +28…+33, Ысык-Көлдө +21…+26 жана Нарын жергесинде +23…+28 градуска жетет.

Ал эми күндүн табы Бишкек шаарында +33…+35, Ошто +32…+34 жана Чолпон-Атада +21…+23 градуска көтөрүлүп, жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0