Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРегионы России. Республика Адыгея
Регионы России. Республика Адыгея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүдө Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаабайт.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +23…+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32 градус, Ысык-Көлдө +12…+17 жана Нарын аймагында +16…+21 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +29…+31, Бишкекте +28…+30 градуска жетет.

Ал эми Чолпон-Ата жергесинде өткүн өтүп, +14…+16 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0