Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПалящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары
Палящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +33…+38, Талас облусунда +32…+37 градус ысык болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +33…+38 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көл жана Нарын облусунда +26…+31 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +36…+38 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0