Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровПогода в Тонском районе
Погода в Тонском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча шейшембиде жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. 21-майда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Таласта +23…+28, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +27…+32 градуска чамалап барат.

Ысык-Көлдө +19…+24 жана Нарын аймагында +18…+23 градус жылуу болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +29…+31, Бишкекте +28…+30 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0