Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Өрөөндөрдө күн ачык болот.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. 12-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Сильный дождь в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Нөшөрлөп жаан жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөнүндө +22…+27 градус, Ош, Жалал-Абад аймагында +24…+29, Баткен облусунда +26…+31, Ысык-Көл жергесинде +14…+19 жана Нарын аймагында +16…+21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +27...+29, Бишкекте +24…+26 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0