Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-фев.— Sputnik. 15-февралда өлкө аймагында жаан жаап, кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 0...+5, Чүй облусунда -1…+4 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө 0…-5, Нарын аймагында -1…-6 градус суук болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаап, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Ош шаарында +8...+10, Бишкекте +1..+3 градуска чейин болору болжолдонду.

Кыргызгидромет март айында күн кандай болорун да айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0